Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги концерттен кийин “Тазалык” ишканасы Ала-Тоо аянтынан 4 тонна таштанды чыгарды

Муниципалдык ишкананын кызматкерлери түнкү саат 02.00гө чейин аймакты тазалап, жуушту

Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган концерттен кийин “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери Ала-Тоо аянтынан 4 тонна таштанды чыгарышты. Бул тууралуу борбор калаадан билдиришти.

«Аймакты тазалоого сегиз даана атайын техника, беш таштанды жыйгыч жана үч сугаруучу техника тартылган», - деп билдиришти муниципалитеттен. - Таң эртеден баштап аянтта ишкананын 60 кызматкери нөөмөттө турушту. Түнкү саат 02.00гө чейин аймакты тазалоо жана жууп-тазалоо иштери жүргүзүлдү. Аянттын бардык периметрине дөңгөлөктүү 20 чоң контейнер жана 20 биотуалет орнотулган».

Шаар жетекчилигинин айтымында, былтыр 31-август майрамынан кийин дагы аянттан 4 тоннага жакын таштанды чыгарылган.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх