Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркмөнстанда өлкөгө шерменде болбош үчүн бөтөлкө чогултуп, белек кылууга тыюу салынган

Кабыл алуу пункттарында нөөмөттө турган милиция кызматкерлери да бар

Түркмөнстан жарандарына желим бөтөлкөлөрдү чогултууга жана кайра кайтарууга тыюу салууну көздөөдө. Бул тууралуу «Хроника Туркменистана» басылмасы жазып чыкты.

Журналисттердин айтымында, Ашхабаддын администрациясы бөтөлкө чогулткандар «өлкөнү уят кылат» деп эсептейт.

Бөтөлкө жыйноочуларды кармоо администрациянын көрсөтмөсү боюнча кабыл алуу пункттарында нөөмөттө турган милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Эреже боюнча камактагыларга азыр бөтөлкө чогултууга тыюу салынганы эскертилет. Инкассаторлордун айтымында, тартип сакчылары 50 манат айып салган учурлар болгон.

Маалым болгондой, эми кайра иштетүүгө жарактууларды чогултуп, тапшырууга турак жай-коммуналдык чарбада катталган көчө тазалоочулар гана укуктуу. Ошого карабастан, эл тыюу убактылуу болот деп үмүттөнүшөт, анткени алардын иши эч кимге тоскоолдук кылбай, акча табууга мүмкүнчүлүк түзүп, шаар тазаланып баратат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх