Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскердик укук коргоочу аскер кызматкерлеринин укугун коргоо боюнча жумушчу топтун натыйжалуулугуна ишенбейт

Акыйкатчы институту аскерлердин өлүмүнүн себептерин аныктоо жана дедовщинаны жоюу ниетинде

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен аскер кызматындагы адам укуктарын сактоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу өлкөнүн башкы укук коргоочусунун расмий сайтында маалымдалды.

Жумушчу топ аскер кызматкерлеринин укуктарынын сакталышын талдап, акыркы 5 жылда жоокерлердин өлүмү, өз жанын кыюу, сабалышы боюнча фактыларды чогултушу керек. Ошондой эле аскер бөлүктөрүндө жана аскер кызматчыларынын ата-энелери менен сурамжылоо жүргүзүү, дедовщинага каршы чараларды даярдоо.

Жумушчу топ 5-сентябрдан тарта ишин баштоосу керек. Жыйынтыктоочу отчет Жогорку Кеңешке берилет.

Жумушчу топтун курамына Акыйкатчы институтунун, Башкы прокуратуранын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери, ошондой эле Аскер кызматкерлеринин энелеринин республикалык комитетинин, “Жарандык союз” коомдук бирикмелеринин, «Кыйноолорго каршы коалиция», «Кылым шамы» коомдук фонду.

Өз кезегинде аскерий укук коргоочу Анвар Сартаев топтун иши жыйынтык берерине ишенбейт.
«Акыйкатчынын демилгеси дагы бир популизм», - деди ал Vesti.kg сайтына. — Акыйкатчы институту менен 15 жылдан бери иштеп келем, алардын эч кандай пайдасы жок. Эсимде, Турсунбек Акун Акыйкатчы болуп турганда аны менен иштешип, анан ал биздин эмгегибизди өзүнө ыйгарып, Канададагы докладында көрсөткөн.
Анвар Айдарович кошумчалагандай, комиссия аскерлердин өлүмүнүн себептерин гана ачыктай алат.

«Бирок алар мындай жагдайлардан кантип сактануу керектигин билишпейт, топко бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү эмес, мурдагы аскер адамдары кириши керек болчу», - деди ал. «Андан сырткары жумушчу топ аскерге чакырылгандар менен иштөөгө багытталган, калган аскер кызматкерлери жөн эле алардын көз карашынан чыгып кетишкен.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх