Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Фучик паркында жаңы балдар аянтчасы ачылды (сүрөт)

Атайын балдардын таза абада эс алуусу үчүн шарттар түзүлдү

Фучик атындагы сейил багында «Ротари Клуб Бишкек» бейөкмөт уюмунун колдоосу менен курулган жаңы балдар аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болду.

Аянтты шаардыктар менен бирге Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев жана «Ротари Клуб Бишкек» коомдук бирикмесинин делегация мүчөлөрү ачышты.


Чакырылган коноктор балдарды жана шаар тургундарын заманбап, көп функциялуу аянтчанын ачылышы менен куттуктап, жаңы аянтчадагы тартип, жабдуулардын абалы тургундардын кылдат жана камкор мамилесинен көз каранды экенин белгилешти.


Ошондой эле район башчысы Бишкектин «Ротари клубунун» жетекчилигине өзгөчө балдардын сыртта эс алуусу үчүн шарттар түзүлгөн кооз жана функционалдык аянт үчүн ыраазычылык билдирди.

Бишкек шаарынын мэриясы
Бишкек шаарынын мэриясынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх