Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аз камсыз болгон бишкектиктерге чакан бизнести уюштуруу үчүн 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды

Жыйынтыгында комиссия жалпы суммасы 6,4 млн сомдук 63 арызды канааттандырды

Муниципалитетте борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жана Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин катышуусунда долбоордун катышуучуларына “Социалдык жардам көрсөтүүнүн” негизинде сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

    
Шаардын акимчиликтеринде долбоорлорду тандоо үчүн социалдык маселелер боюнча комиссиялар түзүлүп, алар үй-бүлөлөрдүн бизнес-пландарын тандап, баалашты. Чыныгы жашаган жери боюнча «Уй-булого комок» пособиесин алуучулар «социалдык келишимди» тузуугө укуктуу.


     
Ошондой эле “социалдык келишимдин” негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча убактылуу комиссия түзүлдү. Анын курамына Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, шаардык кызматтардын жана бейөкмөт сектордун өкүлдөрү кирди.
     
Бишкек шаарынын мэриясынын убактылуу комиссиясынын отурумунун жыйынтыгында 75 арыз каралып, анын ичинен 63 арыз жалпысынан 6,4 миллион сомго, же ар бир үй-бүлөгө 100 миңден “социалдык контракт” түзүүгө макулдук берилген.


     
Катышуучулардын берген бизнес-пландарына ылайык, 65% тигүү жабдууларын сатып алууга (үйдө иштегендер), соода ишин уюштурууга - 13%, кызмат көрсөтүүгө - 10%, кондитердик азыктарды өндүрүүгө - 7 % багытталган.  жана жаңы технологияларды киргизүү – 3%.
     
Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх