Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык таэквондо боюнча дүйнө чемпионатына лицензия утуп алды, бирок барууга акчасы жок (фото)

Айгүл Абдылдаева керектүү сумманы чогултууга жардам сурайт

Кыргызстандык Айгүл Абдылдаева Түштүк Кореяда өтө турган таэквондо боюнча дүйнө чемпионатына лицензия алганы менен учууга каражаты жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына спортчу өзү билдирди.

«Азыр 17 жаштамын, 13 жашымдан бери спорт менен машыгам», - дейт ал. — Көптөгөн мелдештерге катыштым, анын ичинде эки жолу өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпиону болдум. Казакстанда өткөн турнирде Түштүк Кореяда өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка лицензия алууга жетиштим. Виза алып, билет алуу үчүн 2 миң доллар чогултушум керек. Апам менен гана жашайм, айына 15 миң сом маяна алат. Биз керектүү сумманы көтөрө албай жатабыз.


Айгүл кайрымдуу жарандардан эл аралык сынактарга катышууга жардам берүүнү суранат.


«Мен ар дайым башка өлкөлөргө барып, көп нерсеге жетише аларымды бүт дүйнөгө далилдегим келчү», - дейт спортчу. -Октябрга чейин акча чогултулушу керек, апам экөөбүз өзүбүзчө көтөрө албайбыз. Мага жардам берсеңиздер, чемпиондуктан сыйлык менен кайтуу үчүн абдан аракет кылып, күн сайын талыкпай эмгектенем.

Айгүл Абдылдаевага Оптима картасына 4169 5853 4444 9797 номери аркылуу акча которо аласыз.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх