Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жума күнү Кыргызстандын мечиттеринде имамдар тарабынан зордук-зомбулукка каршы кутбалар болот

Буга Кадамжай районундагы үч адам окуучу кызды зордуктап өлтүргөн окуя себеп болгон

Жума күнү республиканын мечиттеринде имамдар тарабынан зордук-зомбулукка каршы хутбалар болот. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

«Кадамжай районунда каза болгон кыздын ата-энесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», - деп билдирди муфтият. – Андыктан бардык мечиттерде адеп-ахлак, зордук-зомбулукка жол берилбестиги тууралуу насааттар айтылат. Адам өмүрүнө кол салууга жол бербөө, өспүрүмдөргө жана аялдарга карата зордук-зомбулукка, ойноштук түрүндөгү күнөөгө жол бербөө тууралуу ойлорду элге жеткирүү зарыл”.

Эске салсак, Кадамжай районунда 3 адам 14 жаштагы кызды зордуктап өлтүргөн.Маркум окуучу кыздын ата-энеси кылмышкерлерди өлүм жазасына тартууну же элге берүүнү өтүнүп президентке кайрылган. Садыр Жапаров ишти иликтөөнү жеке көзөмөлүнө алып, күнөөлүүлөрдү жазалоону убада кылды.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх