Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жолдорду реконструкциялоого тоскоол болгон объектилер демонтаждалууда

Кээ бир павильон ээлерине мэрдин эскертүүлөрү таасир эткен жок

Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте борбор калааны уруксатсыз орнотуулардан бошотууда.

Инспекция күн сайын объекттерди орнотуунун мыйзамдуулугун текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча эскертүүлөрдү берет.

Алсак, мурда берилген эскертүүгө ылайык, Ынтымак сейил багындагы балдар аттракциону, Жайыл Баатыр көчөсүндөгү жол реконструкциясына тоскоол болгон пайдубал жана Маликов көчөсүндө дагы реконструкция иштерине тоскоолдук жараткан дүкөн ыктыярдуу түрдө демонтаждалган.

Ал эми «Чыгыш-5» кичи районундагы 90 чарчы метр күркө жана Чүй проспектисинин 34-үйүнүн жанындагы имаратка бекитилген чатыр эскертүүлөргө баш ийбей койгон. Алар биз тараптан алынып салынды. Ошондой эле Жаш Гвардия бульварын бойлой Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейин 50 жарнама конструкциялары (тиркемелер) алынды.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылуулар  боюнча 0312597526 номерине, ошондой эле социалдык тармактарга кайрылсаңыздар болот:

https://www.instagram.com/s/aGlnaGxpZ2h0OjE3ODQ4ODc4NzQyNzY0NTM1?igshid=YmMyMTA2M2Y=

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх