Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жол сызыктары топурактан жана чаңдан тазаланды

Буга чейин бул маселе боюнча көп арыздар түшкөн

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жол инфраструктурасын оңдоо, жол белгилерин чийүү жана борбор калаанын көчөлөрүнө жол белгилерин орнотуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатат.

Шаардыктардын жана массалык маалымат каражаттарынын жол сызыктары (жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөр, токтоо линиялары, тилкелерди бөлүү сызыктары) боюнча көптөгөн даттанууларга байланыштуу. “Бишкекасфальтсервис” МИси “Тазалык” ишканасынын атайын техникасы менен жол белгилерин (жөө адамдар өтүүчү өтмөктү) жууп тазалады.

Биринчи кезекте Жибек-Жолу-Манас проспектисинин кесилишиндеги жол белгилери тазаланды.

Урматтуу шаар тургундары! "Бишкекасфальтсервис" МИнин иши боюнча суроолорду (фото жана видео) сиз ишкананын социалдык тармагындагы баракчасына жөнөтсөңүз болот: bishkekasfaltservis..

Бишкек мэриясы шаардыктарга биздин социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу  иштерибиздеги кемчиликтер жана каталар жөнүндө өз убагында маалымдагандыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх