Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров: Кыргызстан аймактагы билим берүү кластерине айлана алат

Индиянын, Пакистандын жана Өзбекстандын студенттеринен КРнын ЖОЖдоруна жылына 4 миллиард сомдон ашык каражат түшөт

Билимди экспорттоо – бул эркиндикти сүйгөн адамдардын экспорту. Кыргыз Республикасы аймактагы билим берүү кластери боло алат, бул эркин ой жүгүртүүчү коомдун экосистемасында мүмкүн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу» темасында өтүп жаткан Ректорлордун дүйнөлүк форумунда билдирди.

«Биздин республикада жергиликтүү жана чет элдик IT-адистердин иштөөсү үчүн мыкты шарттар бар. Жыйынтыгында дүйнө жүзү санариптештирүүгө өтөт. Санарип – бул ылдамдык, бирок ал жаман колго тийбеши керек. 30 жыл мурда компьютер биздин чөнтөктө болот деп элестетүүгө мүмкүн эмес эле. Ооба, биз мүмкүнчүлүктөрдүн жана чакырыктардын катаал кесилишинде турабыз. Ошондуктан изилдөө, инновация жана өнүгүү келечекте университеттерди өнүктүрүүнүн негизги багыттары болуп калышы керек. Бул сыяктуу платформаларда биздин илим-билимдин казынасы болгон жогорку окуу жайлары активдүү ролду ойношу керек», – деп белгиледи ал.  

Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасында билим берүүнүн экспорту оң динамикага ээ экенин билдирди.

«Өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттердин 30,5%ы – чет өлкөлүк жарандар. Анын ичинен 44 732 студент коңшу мамлекеттерден (КМШ, Грузия, Балтика өлкөлөрү) келген жаштар. Бизде алыскы чет өлкөлөрдөн (Индия Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Кытай Эл Республикасы) келген 25 792 студент бар. Студенттердин эң көп бөлүгү Индия, Пакистан жана Өзбекстандан келишет, алардын көбү медициналык билим берүү программаларында окушат. Бул үч өлкөнүн студенттеринен гана жылына орто эсеп менен 4 771 610 000 сом ЖОЖдорго түшөт”, - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх