Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чолпон-Атада УКТнын мүчөсү баңгизат менен кармалды (видео)

Кармалган жарандан гашиш баңгизаты алынды

Чолпон-Ата шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


- Милицияга уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири баңги затын мыйзамсыз сактап жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн, - деп билдиришти укук коргоо кызматкерлери. - ОБОП кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө кылмышка шектүү Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүнүн биринен кармалды. Текшерүү учурунда андан жапайы өскөн кара куурайдын өзгөчө жыты бар өсүмдүк заты табылып, алынган. Соттук-химиялык экспертиза кармалган зат гашиш экенин, анын таза салмагы 3,006 граммды түзгөнүн көрсөткөн. Кармалган жаранга карата райондук соттун чечими менен тергөө мөөнөтүнө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.



Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБнын басма сөз кызматы билдирди
Фотосүрөт

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх