Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан 58 медаль утту (видео)

Биздин көк бөрүчүлөр Казакстандын командасын 5:0 эсебинде утуп алды

Түркияда өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан 58 медаль утту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти.

- Кыргызстандан спартакиаданын программасына көк бөрү жана алыш кирди, - деп билдиришти башкармалыктан. - Көк бөрү боюнча биздин команда казакстандык атаандаштарын 5:0 эсебинде утуп алды. Көкпарбөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы казакстандыктарга бир упай жоготуп, оюнду 3:4 эсебинде жыйынтыктады. Көчмөндөр оюндарынын 14 түрү боюнча мелдешке Кыргызстандан жалпысынан 148 спортчу катышты. Республика жеңип алган медалдардын жалпы саны 58. Анын ичинен 16 алтын, 17 күмүш жана 25 коло.

Эске салсак, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник ​​шаарында өткөн. Аларга 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышты. Кийинки оюндар Казакстанда өтөт.


Михаил Готфрид
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх