Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргызстанда Улуттук тазалык күнү өткөрүлөт

Бардык кыргызстандыктарды көчөлөрдү тазалоого катышууга чакырат

Президент Садыр Жапаровдун “Улуттук тазалык күнү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында 8-октябрда Кыргызстанда жалпы республика боюнча экологияны тазалоо боюнча масштабдуу акция өтөт.

Бардык жарандарыбызды акцияга кошулуп, көчөлөрдү, айылдарды, райондорду, облустарды жана жалпы мамлекетибизди биргелешип тазалоого активдүү катышууга чакырабыз.

Бул күнү мамлекеттик органдар, уюмдар, ишканалар жогорку деңгээлде акция өткөрүшөт.

Акция октябрь айынын аягына чейин уланып, жыйынтыгында «эң таза шаар», «эң таза аймак», «эң таза район», «эң таза айыл» номинациялары боюнча сыйлыктар ыйгарылат. Бул кийинки иш-аракет үчүн көбүрөөк түрткү берет.

Бул акциянын куратору – Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, анын кызматкерлери министр Динара Кутманованын жетекчилиги астында Боз-Бөлтөк тоосундагы аймакты тазалоо иштерин жүргүзүшөт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх