Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар бильярд спорту боюнча дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды ээледи

Бишкек шаарынын тургуну Дастан Лепшаков эл аралык турнирде 1-орунга ээ болду

Бильярд жана велоспорт боюнча адистештирилген олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары бильярд спорту боюнча эркектер жана аялдар арасында «Уландысы бар эркин пирамида» дисциплинасы боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышты. Иш-чара Югорск шаарында (Россия) өттү.

Мелдеш бильярд спорту жаатындагы эл аралык мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо, чемпионаттын жыйынтыгы менен күчтүү оюнчуларды аныктоо жана албетте “Уландысы бар эркин пирамида” бильярд оюнун кеңири жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Жалпысынан 52 оюнчу катышып, жыйынтыгында биздин спортчулар төмөнкү орундарга ээ болушту:

Лепшаков Дастан - 1-орун;
Мадаминов Азизжон - 3-орун;
Ратбеков Ызатбек – 9-орун.

Бишкек шаарынын мэриясы спортчуларды жакшы жетишкендиктери менен куттуктайт жана аларга мындан аркы ийгиликтерди каалайт!

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх