Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коргоо министрлиги биринчи кыргыз учкучсуз учагы жасалганы тууралуу видеону фейк деп атады

Ошол эле учурда департамент Чек ара кызматы учкучсуз учакты иштеп чыгууну колго алса болмок деген пикирде

Коргоо министрлиги Кыргызстанда ата мекендик инженерлер тарабынан иштелип чыккан делген биринчи согуштук учкучсуз учак пайда болгону тууралуу маалыматты четке какты.

«КР Коргоо министрлиги ата мекендик дрондорду чыгаруу башталганын четке кагат», — деп билдирди Vesti.kg сайтына министрликтин басма сөз кызматы.

Ошол эле учурда алар бул учакты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы иштеп чыгышы мүмкүн экенин жокко чыгарышкан жок, бирок бул жөн эле жасалма экенине көбүрөөк ишенишкен.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда кыргызстандык инженерлер тарабынан иштелип чыккан биринчи дрон тууралуу видео тараган.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх