Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын аймактык ооруканалары үчүн 5 компьютердик томография сатып алынды

Диагностикалык медициналык жабдууларды орнотуу үчүн зарыл болгон бардык даярдык иштери жеринде бүткөрүлгөн

Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында заманбап жогорку технологиялык диагностикалык методдорго жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Дүйнөлүк банктын “COVID-19 өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү” жана “Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу ERIK-CERC” долбоорлорунун алкагында диагностикалык процедуралар үчүн 5 компьютердик томография (КТ) сканери сатылып алынган.

Томографтар Саламаттыкты сактоо министрлигинин бөлүштүрүү планына ылайык беш облустук бириктирилген ооруканага (Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош, Талас облустары) тапшырылды.

Бүгүнкү күндө жеринде диагностикалык медициналык жабдууларды орнотууга зарыл болгон бардык даярдык иштери бүткөрүлүп, КТ орнотуу процесси жүрүп жатат.

Жаңы медициналык жабдуулар ар кандай текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, анын ичинде COVIDден кийинки татаалдыктарга диагноз коюуга мүмкүндүк берет.

Сатып алынган жабдыктын аркасында жергиликтүү дарыгерлер оорулардын динамикасын көзөмөлдөп, диагноз коюу үчүн башка клиникаларга жөнөтпөстөн, түз эле ооруканада текшерүү жүргүзө алышат.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх