Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Италиянын университеттерине кантип бекер тапшырса болот

Билим берүү көргөзмөсү бишкектиктерди күтөт

22-октябрда "Шератон" мейманканасында саат 12:00дөн 18:00гө чейин жыл сайын өтүүчү билим берүү көргөзмөсү өтөт.

Жыл сайын өтүүчү WOEXPO International Education Fair  - Кыргызстандагы эл аралык билим берүү тармагындагы эң ири жана динамикалуу иш-чара. Бул жылы World of Education дүйнө жүзү боюнча 40тан ашык университетти чакырды.

Бул окуу жайлардын өкүлдөрү эл аралык билим алууда сиздин келечегиңизге салым кошкон түрдүү инновациялык окуу программаларын сунушташат.

Көргөзмөдө сиздерди  төмөнкүлөр күтөт:

Италиянын жогорку окуу жайларына кантип акысыз окууга өтүүгө жана стипендия алууга болот.
Окуу жайларынан атайын сунуштар, ушул көргөзмөдө гана жана ушул көргөзмөнүн катышуучулары үчүн.
Чет өлкөлүк мектептердин, колледждердин жана университеттердин өкүлдөрүнөн кесиптик кеңеш берүү.
Биздин компаниянын адистеринен чет элдик    "World of Education" университеттерине коштоп баруу боюнча кеңеш берүү.
WELC тил курстарынын бардык катышуучулары үчүн 15% арзандатуу.
Урматтуу шаардыктар! Көргөзмөгө келип, кабыл алуу процесси жөнүндө көбүрөөк маалымат алыңыздар жана биздин көргөзмөдө алдыңкы чет элдик университеттердин расмий өкүлдөрүнө суроолоруңузду бериңиздер.

Көргөзмөгө катышуу акысыз!

Каттоо шилтемеси: https://world.kg/woexpo
Сайт: https://world.kg
Instagram: @woe.kg @studyhub_int
Телефон: +996 700 500 300

Маалымдама: “World of Education” Кыргызстандын билим берүү рыногундагы алдыңкы компаниялардын бири. 14 жылдан бери компания дүйнөнүн 34дөн ашык өлкөлөрүнүн эң мыкты университеттеринде сапаттуу жана келечектүү билим берүү программалары менен кызматташып келет.

Студенттер үчүн бакалавр, магистратура, тил курстары, MBA жана каникулдар сыяктуу билим берүүнүн түрлөрү бар. Буга чейин 2000ден ашуун студент чет өлкөгө кеткен.

Биздин өнөктөш университеттердеги программалардын бүтүрүүчүлөрү Facebook, Accenture, Qatar Airways, EA Sports, Xerox, United Nations, KICB банк сыяктуу ири компанияларда иштешет.

Бишкек мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх