Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Конкурс! Беш каттам линиясы аныкталган

Тендердик комиссиянын жыйынына жүк ташуучу компаниялардын өкүлдөрү да катышты

Борбор калаанын муниципалитетинин имаратында Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобус жана кичи автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автотранспортчуларды аныктоо боюнча конкурсту уюштуруу жана өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын отуруму болуп өттү.

Жыйынга транспорт ишканаларынын өкүлдөрү да катышты.


Сынакка катышуу үчүн маршруттук каттамдарды ачык  тандоо  максатында 5 маршруттук каттамды аныктоо үчүн чүчү кулак кармалды. Ошондой эле конкурстун датасы аныкталды.

2022-жылдын 24-октябрында tenders.kg сайтында жарыялана турган конкурска №118, 230, 281, 134-маршруттук каттамдар жана №12 автобустук каттам   катыша тургандыгы  аныкталды.


Конкурс Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын  5-апрелдеги № 26“Бишкек шаарынын туруктуу автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автотранспорттук ташуучуну аныктоо боюнча сынактарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде өткөрүлдү.

Бишкек мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх