Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте атмосфералык абаны коргоо боюнча рейд өткөрүлдү

Инспекторлор жолдун кесилишинде туруп, унаалардын түтүнүнүн деңгээлин текшеришти

Бүгүн, 26-октябрда Жаратылыш ресурстары министрлигинин мамлекеттик инспекторлору Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте “Бишкек шаарынын атмосфералык абасын автотранспорт каражаттарынын булгануусунан коргоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын планын ишке ашыруу максатында ”, Фучик көчөлөрү менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги автотранспорттордун чыккан газдарындагы зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышынын талаптарга ылайык келишин текшерүү максатында рейд өткөрдү.

Рейддин жыйынтыгында 30 кичи автобус текшерилип, анын 10унда түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү аппарат булгоочу заттардын бөлүнүп чыгуусу көбөйгөнүн көрсөткөн. Мүчүлүштүктөрдү өз убагында жоюу үчүн айдоочуларга профилактикалык иш-чаралар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле, өлчөөлөрдүн жыйынтыгында бир унаадагы түтүндүн максималдуу деңгээли аныкталып, аталган унаанын айдоочусуна 234-берене боюнча 7500 сом өлчөмүндө протокол түзүлдү.

Шаардын атмосфералык абасын жакшыртуу жана жаза чараларын болтурбоо максатында Жаратылыш ресурстар министрлиги айдоочуларды газдардын курамында зыяндуу заттар ашыкча болгон унааларды иштетүүгө жол бербөөгө чакырат.

Бишкек шаарында атмосфералык абаны коргоо эрежелеринин бузулушуна туш болсоңуз, Бишкек аймактык башкармалыгынын 0554-434-202 ишеним телефонуна билдирүүңүздү өтүнөбүз.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх