Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаада «Жаша! Диабетти жең » аттуу урааны менен велосезону жабылды

Иш-чарага 800 адам катышты

Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында Бишкек шаарынын мэриясынын маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти «ОО Вело friends позитив KG», "Жашыл ай коому" коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулган "Жаша! Диабетти жең" аттуу урааны менен  2022-жылдын жайкы велосезону официалдуу түрдө жабылды.


Велосипед тебүү кант диабети менен күрөшүү, ооруну алгачкы этапта аныктоо жана өз убагында дарылоо, ошондой эле спорттун көптөгөн оорулардын алдын алууга таасири максатында өттү.


Иш-чарага 800 адам катышты. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева велосипед жарышынын катышуучулары менен бирге велосипед менен өзү чыгып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Уюштуруучулар ар кандай сынактарды жана лотереяларды өткөрүштү. Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр байгелерди жана баалуу белектерди алышты. Ал эми лотереянын башкы жеңүүчүсү Искендер Осмоналиев Түркияга жолдомону утуп алды.


Катышуучулар көптөгөн позитивдүү эмоцияларга ээ болуп, сонун убакыт өткөрүштү.

Бишкек мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх