Курманжан датканын эстелигинин жанындагы аллея иретке келтирилди (фото)
Жумушчулар 5 отургучту оңдоп, 15 таштанды челектерин сырдап, сынган гранит плиталарын алмаштырышты
«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин улантууда.
Тактап айтканда, бир күн мурун ишкананын 5 кызматкери Курманжан датканын эстелигинин жанындагы аллеяны иретке келтиришти.
Тазалык кызматчылары 5 отургучту оңдоп, 15 таштанды челектерин сырдап, эстеликтердин сынган гранит плиталарын алмаштырышты.
Андан сырткары Эркиндик бульварындагы отургучтарды оңдоп, таштанды челектерин сырдап чыктык.
Ошондой эле Фучик көчөсүн бойлой жайгашкан «Аска-Таш» кире бериш стелласын жазуулардан тазалап, стелланын дубалдарын сырдап, аймагын иретке келтиришти.
Урматтуу шаардыктар! Шаардын мүлкүнө кам көрүп, тазалыкты сактоону суранабыз.
Бишкек мэриясы