Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте эки миң жарнак баннери алынды

Борбор калааны уруксатсыз жарнамадан тазалоо күчөтүлгөн режимде уланууда

Шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, Бишкек шаарынын аймагында тышкы жарнак-маалымат каражаттарын жайгаштыруу жана иштетүүнү тартипке келтирүү максатында масштабдуу рейд жүргүзүлдү.

Биринчи май акимчилигинин кызматкерлери Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы жана «Тазалык» муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте Киев көчөсүндөгү Т.Молдо көчөсүнөн Ы.Абдрахманов көчөсүнө  чейинки аралыктагы 70 жарнама баннерин жана 14 жарнама мамыларын алып салышты.

Белгилей кетсек, буга чейин аларга жарнама түзүмдөрүн жайгаштыруу эрежелерин сактоо боюнча эскертүү, билдирүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери  жүргүзүлгөн.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сураныч, келгиле, шаарыбызды биргелешип көрктөндүрөлү, Бишкек жалпы үйүбүз. Аң-сезимдүү болуу менен биз чоң өзгөрүүлөргө келебиз.

Бишкек мэриясы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх