Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция Индия менен Пакистандан келген студенттерге түнкүсүн максатсыз баспоого жана чоң акчаларды жанында алып жүрбөөгө кеңеш берди

Бишкекте чет элдик студенттердин массалык мушташынан кийин айрымдары университеттерден чыгарылды

2022-жылдын 16-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын экинчи башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк студенттердин арасында түшүндүрүү мүнөзүндөгү алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө.

Бул иш-чарада милиция кызматкерлери эл аралык жогорку медициналык окуу жайда окуп жаткан Пакистандан жана Индиядан келген студенттерге өлкөдө болуу эрежелерин,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин чоң экендигин түшүндүрүп беришти.

Лекциянын негизги темасы – “Кыргыз Республикасынын аймагында жана Бишкек шаарында чет өлкөлүк жарандарга карата жасалган кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу”.

Лекциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери коопсуздук чаралары жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле чет өлкөлүк студенттерди түнкүсүн көчөдө максатсыз жүрбөөгө жана ири суммадагы акча каражаттарын алып жүрбөөгө үндөштү.

Мындай алдын алуу иш-чаралары башка жогорку окуу жайларында да өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, жакында чет элдик студенттер борбор калаанын борборунда массалык мушташ уюштурушкан. Бейбаштык аракеттери олуттуу кесепеттерге алып келип, кылмыш иш козголгон жана кээ бирлери окуу жайлардан чыгарылган.
 
ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх