Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте “Жакшылыктын миссиясы” башталды

Долбоор мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы

Бишкекте социалдык өнүктүрүү мекемелеринин базасында "жакшылыктын миссиясы" гуманитардык долбоору ишке киргизилди.

Долбоор Социалдык өнүктүрүү департаменти жана Роскызматташтык тарабынан ишке ашырылууда.

Долбоордун алкагында методикалык иштер, социалдык өнүктүрүү мекемелеринин кызматкерлери менен топтук сабактар, турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарга жекече консультациялар өткөрүлөт.

Биринчи тренинг ДМЧА үчүн шаардык реабилитациялык борбордо өттү, анда 2 психолог мекеменин кызматкерлери, ДМЧ балдар жана алардын ата-энелери менен методикалык иштерди, тренингдерди жана топтук сабактарды өткөрүштү.

Бул долбоорго ошондой эле Департаменттин ведомстволук 8 мекемеси катышат: "Аязат" кризистик борбору, "Айданек" жашы жете элек балдар үчүн реинтеграция борбору, зомбулуктан жана катаал мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борбору. Балдардын Социалдык адаптация борбору, "Кайрымдуулук" борбору.

Маалымкат: Шаардык реабилитациялык борбор күн сайын Бишкек шаарында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген 100 адамды тейлейт.

Бишкек мэрия

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх