Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бала бакчалардын директорлоруна көп тилдүү билим берүү программасы тууралуу айтып беришти

Жыйындын жүрүшүндө билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултуу жана балдардын коопсуздугу боюнча маселелер каралды

Билим берүү башкармалыгы №24 мектеп-гимназиясынын базасында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору менен жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултуу, балдардын коопсуздугу, ошондой эле КРнын Президентинин «Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу маселелери каралды.


Жолугушуунун алкагында №135 бала бакчанын директору Г.С. Сеитова - Россия Федерациясынын Бор шаарында өткөн "Инновациялык билим берүү мейкиндигиндеги заманбап бала" эл аралык конференциясынын катышуучусу, Россия Федерациясындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иш тажрыйбасы, ошондой эле №135 бала бакчанын мисалында  СТЕМ билим берүү моделинин ишке ашыруунун жүрүшү менен тааныштырды.  

МЧББ мекемесине көп тилдүү билим берүүнү киргизүүгө консультациялык жана методикалык жардам көрсөтүү жана көп тилдүү билим берүү программасына педагогдорду окутуу максатында №53 МЧББ мекемесинин директору  М.М. Абылаева көп тилдүү билим берүү программасын тааныштырды.

Бала бакчалардын 80ден ашык методисттери "Көп тилдүү билим берүү – мезгилдин чакырыгы" темасында окутуудан өтүштү.

Отурумдун жыйынтыгы менен директорлорго жеке жоопкерчилик менен бала бакчалардын кызматкерлерине мыйзамсыз акча чогултуулар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, бул фактылар аныкталган учурда жеке жоопкерчиликти көрсөтүү, педагогикалык этиканы сактоо,  ошондой эле мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү жана тарбиялоо методикасын колдонуу тапшырылды.

Мэрия Бишкека
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх