Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. 5-декабрга карата аба ырайы

Бишкек шаарында абанын температурасы -1...+1, Ош шаарында 0...+2 градус жылуу болот

Бүгүн, 5-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас облустарында абанын температурасы -3...+2 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында 0...+5 градус, 0...-5 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы -1...+1, Ош шаарында 0...+2 градус жылуу болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх