Бишкектин кичи райондорунун биринде жылуулук тармагы үзгүлтүккө учурады
Бардык оңдоо иштери бир сутканын ичинде бүтөрү күтүлүүдө
Бир күн мурун борбор калаанын 12-кичирайонунда жылуулук тармагы үзгүлтүккө учурап, айрым үйлөр жылуулуксуз калган.
Vesti.kgге «Бишкекжылуулук» ААКдан билдиришкендей, авариялык иштер бүгүн күндүз аяктайт.
«Саат 03:00гө карата жылуулук тармагынын авариялык абалы оңдолуп, электр энергиясы өчүрүлгөн үйлөргө жылуулук бериле баштайт. Жумуштарды толук бүтүрүү үчүн сырттагы абанын температурасынын мындан ары төмөндөшү боюнча болжолду эске алуу менен 12-кичирайондогу жылуулук тармактар бөлүгүндө оңдоо иштери бүгүн жумуш күнү жүргүзүлөт», - деп жыйынтыктады ишкана.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз