Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Ала-Арча дарыясынын нугунун абалы текшерилди (фото)

Бетонду колдонуу менен жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүү пландаштырылууда

Өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышын жана жеке турак жайларды суу каптап кетүүнүн алдын алуу максатында Ала-Арча дарыясынын нугунун абалы дайыма көзөмөлдөнүүдө.


Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары Райым Жолдошов Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана МАБ менен биргеликте Рыскулов көчөсүнүн төмөн жагындагы кооптуу аймактарды текшерди.


Райондук кызматтар тарабынан Ала-Арча дарыясына тынымсыз мониторинг жүргүзүлүп, зарыл болгон учурда суунун тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо жана муз тыгындарын тазалоо иштери жүргүзүлөт. Ал үчүн администрация ӨКМдин, «Бишкексуучарба» МИнин кызматкерлери менен биргеликте  муниципалдык ишканалардын жана ӨКМдин атайын техникалары тартылат.

Мындан тышкары бетон колдонуу менен жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, «Бишкексуучарба» МИнин кызматкерлери Жаманбаев, Л.Толстой көчөлөрүнүн бойлой темир жолго чейин, И.Ахунбаев көчөсүнөн А.Малдыбаев көчөсүнө чейин, Л.Толстой көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейин «Ала-Арча» дарыясынын нугун тазалоо иштерин кызуу улантууда.

Бишкек мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх