Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте тоноочулар чет элдик жарандан 40 миң доллар алып кетишкен (фото)

Кол салуу күндүз Ботаникалык бакчада болгон

Бишкекте тоноочулар чет элдик жарандан 40 миң доллар алып кетишкен. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбор калаанын борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


"Кол салуу ишемби күнү түштөн кийин Ботаникалык бакчада болгон", - деп билдирди полиция. - Казакстандын жаранын белгисиз адамдар тапанча менен коркутуп, физикалык күч колдонуп, 40 миң долларын алып кетишкен. Жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылган. Кол салуу боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.


Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлерине бул кылмышка бир нече адамдан турган уюшкан кылмыштуу топтун тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери ГУБОПтун жана СОБРдин ыкчам кызматкерлери менен биргеликте үч жаранды кармашкан. Кармалгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Алар Тергөө кызматына жеткирилген. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалгандардын биринин жашаган жеринен 5 миң 500 доллар жана Макаров травматикалык тапанчасы 5 огу менен алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх