Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык кикбоксинг боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды

Салиха Гобоева 56 килограммга чейинки салмак категориясында "лоу-кик" дисциплинасы боюнча чыкты

Кикбоксинг боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Салиха Гобоева Азия чемпионатында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Маданият министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандык спортчу лоу-кик түрү боюнча 56 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Таиландда Азия чемпионаты өтүүдө.

Салиха Гобоева биринчи беттеште жеңишке жеткен, бирок жарым финалда Кореядан келген спортчуга утулуп, турнирдин коло медалына ээ болгон.

Спорт башкармалыгынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх