Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жоламан Шаршенбеков 2022-жылы дүйнөнүн эң мыкты балбаны наамына көрсөтүлдү

Бул наам үчүн Азербайжан, Түркия жана Сербиянын спортчулары кыргызстандык менен ат салышат

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков дүйнөнүн мыкты балбаны наамына талапкер болду.

Vesti.kg сайтынын редакциясы комментарий алуу үчүн Маданият министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз катчысы Айгерим Турдалиевага кайрылды.

«Ооба, Эл аралык күрөш федерациясы Жоламан Шаршенбековду 2022-жылдагы дүйнөнүн эң мыкты балбаны наамына көрсөткөн», - деди ал. - Мыкты балбан наамына биздин спортчубуздан тышкары азербайжандык Элданиз Азизли, түркиялык Бурхан Акбудак жана Риза Каялп, ошондой эле сербиялык Зураби Датунашвили талапкер болууда.

Эске салсак, Жоламан Шаршенбеков 2022-жылы 6 медаль утуп, Дүйнө чемпиондугунда, Азия чемпионатында жана Дүйнөлүк Ислам оюндарында жеңүүчү болгон. Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк рейтингде 60 килограммга чейинки салмак категориясында кыргызстандык биринчи сапта турат.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх