Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Биринчи кыргызстандык Антарктидадагы чокуну багындырды (фото)

"Биз шамал менен күрөштүк, учуп турган чатырларды кармап, жүктөрдү сүйрөп, катып калган манжалар менен сүрөткө тарттык"

Кыргызстандык Кадыркун Нурмаматов Антарктидадагы Винсон чокусун багындырды. Бул тууралуу «7 вершин» альпинизм клубу билдирди.

«Биздин жолдош Кадыр чокудан чокуга ийгиликтүү барат: Эльбрус, Килиманджаро, Аконкагуа, Денали жана азыр Винсон. Кыргыздын биринчиси! Антарктиданын эң бийик чекити жети саммиттин программасын аяктоо үчүн жаңы кадам болуп саналат. Куттуктайбыз! Спортчу, ийгиликтүү бизнесмен, Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын вице-президенти Кадыр Манаслунун чокусуна чыккан биринчи улуттук Гималай экспедициясынын жетекчиси болгон. Укмуш тоолор жана укмуштуудай адамдардын өлкөсү болгон Кыргызстандын альпинизмин өнүктүрүүдө жаңы чокулар жана жаңы жетишкендиктер!», - деп Нурмаматовду клубда куттукташты.

 

 

Ал арада экспедиция мүчөлөрүнүн бири Александр Абрамов социалдык тармактарга көтөрүлүү кандай өткөнүн жазып чыкты.

«Биздин Антарктидага Винсон массивине жасаган экспедициябыз аяктады. 12 күндүн ичинде 8 күн коркунучтуу аба ырайы болгон. Шамал менен күрөшүп, учкан чатырларды кармап, жүктөрдү сүйрөп, катып калган манжалар менен сүрөткө тарттык. Бирок жыйынтык сонун болду, бүт команда Антарктидадагы эң бийик тоонун – Винсон массивинин чокусунда турушту! Буткул коллектив бир кучтуу муштумдай болуп чогулду. Команданын курамына ар кайсы өлкөлөрдөн: Индия, Болгария, Кыргызстан, Беларусь жана Россиядан келген катышуучулар кирди. Бул элдердин ортосундагы чыныгы достук. Бардыгы баарына жардам берип, санаалашты, чогуу кубанышты. Улуу команда. Натыйжада биринчи кыргызстандык Кадыр Нурмаматов Винсон массивинин чокусуна чыкты», - деп жыйынтыктады ал.

 

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх