Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте кыргыз тилиндеги “Шамкыз” жомогу тартууланат

Повестте аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөш тууралуу айтылат

Бишкекте санарип сүрөтчүсү Беназир Калиева өлкөдөгү аялдарга жана балдарга карата зомбулук көйгөйүнө арналган кыргыз тилиндеги иллюстрацияланган басылманын бет ачарын өткөрөт. Дебюттук жазуучунун "Шамкыз" жомогу "Сорос-Кыргызстан" Фондунун колдоосу менен  «МедиаЖаса» долбоорунун алкагында жарык көрдү.​

“Шамкыз” китебинде шамчырак кыздын окуясы баяндалат. Жолдо каарман кыз жүрөгүндөгү отту өчүрүүгө аракет кылган сыйкырдуу сыноолорго жана гендердик дискриминацияга туш болот.

Окуя толугу менен Беназир Калиеванын кооз иллюстрациялары менен коштолот: “Бул окуянын жана каармандын өзүнүн бир максаты – аялдарга жана балдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү. Баарыңар Шамкызды өзүңөр көрүп, канчалык күчтүү, сулуу жана боорукер экениңерди сезесиң деп ишенем».

Бет ачар аземинде коноктор китептин жаратуучусу менен баарлашып, китептен шыктанган төш белги, капюшон жана стикерлер сыяктуу товарларды сатып ала алышат.

Дата: 28-декабрь.

Убактысы: 15.00дөн 19.30га чейин.

Жайгашкан жери: Community Coffee House (Манас проспектиси 41/1).

Бул иш-чара жалгыз эмес, 2023-жылдын 6-январында Каракол шаарында китептин экинчи бет ачары пландалууда. Жолугушууда сиз ошондой эле китеп тууралуу көбүрөөк биле аласыз, каарман кызды жана окуяда туш болгон кыйынчылыктарды талкуулап, китептин көчүрмөсүн алып, промо-продукцияларды сатып ала аласыз.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх