Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын жаштар курамасы бокс боюнча Азия чемпионатына катышат

Турнир 17-28-январда Бангкокто өтөт

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасы Бангкокто (Таиланд) өтө турган Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Турнир 17-28-январь күндөрү өтүп, ага 22 жашка чейинки спортчулар катышат. Кыргызстандын намысын 12 мушкер коргойт.

Кыргызстандын курама командасынын курамы:

1. Анвар Ходжиев, МС, 48 кг;
2. Ислам Төрөбаев, КМС, 54 кг;
3. Тургунбек Иманкадыров, спорт чеберине талапкер, 57 кг;
4. Мирзахит Имамназаров, МС, 60 кг;
5. Аскат Култаев, спорт чеберине талапкер, 63,5 кг;
6. Ыктияр Нишанов, спорт чеберине талапкер 67 кг;
7. Нурадин Рустамбек уулу, М.С. 71 кг;
8. Даниел Абдрахманов, КМС, 75 кг;
9. Бекбол Мурасбеков, МС, 80 кг;
10. Нурсултан Болотбаев, МС, 86 кг;
11. Бакыт Токтосун уулу, МС, 92 кг;
12. Ооматбек Элчоро уулу, КМС, 92 кг;
13. Мукаш Ырсалиев, эл аралык калыс.
14. Данияр Төлөгөн уулу, башкы машыктыруучу;
15. Сагынбаев Улан, улук машыктыруучу.

Спорт департаментинин басма сөз кызматы
спорт департаментинин басма сөз кызматынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх