Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын каникулу 16-январга чейин узартылды

Буга чейин ӨКМ республикада 11-январдан тарта аномалдуу суук болоорун эскерткен

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын каникулу 16-январга чейин узартылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

«Чечим кабыл алынды, билим берүү мекемелери боюнча тиешелүү буйрук даярдалууда», - деп билдиришти башкармалыктан. – Үч күндүк онлайн окутууну киргизүү натыйжасыз болгондуктан, каникул күндөрүн узартууну чечтик.

Эске салсак, мектеп окуучулары кышкы каникулдан окууга 11-январда чыгышы керек болчу.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аномалдуу суук аба ырайы бир убакта республиканын аймагын каптай турганын эскерткен. Кыргызстандын айрым аймактарында -38 градуска, Чүйдө -23...-25 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх