Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн күн батареялары орнотулат

Пилоттук долбоор эки министрлик тарабынан даярдалган

Эмгек министрлиги Энергетика министрлиги менен биргеликте “Нур Кубат” долбоорун ишке ашырууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Энергетика министрлигинин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.

«Долбоордун алкагында Чүйдүн Чүй жана Жайыл райондорунда жашаган «Үй бүлөгө комок» жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн кубаттуулугу 5-10 кВт/саат күн батареялары бекер орнотулат. Ошол эле учурда аккумуляторлордон өндүрүлгөн электр энергиясынын бардыгын жөлөк пул алуучулар пайдаланып, ашыкчасын мамлекет сатып алат», - деди чиновник.

Пилоттук долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу менен Эмгек министрлиги Энергетика министрлиги менен биргеликте «Нур Кубат» долбоорун республика боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратууну көздөп жатат.

Учурда республика боюнча «Үй бүлөгө комок» жөлөкпулун алуучулардын жалпы саны 106,7 миң үй-бүлөнү түзөт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх