Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Салянова: Шахмат алгач ойлонуу, анан аракет кылуу жөндөмүн өнүктүрөт

Экс-башкы прокурордун кызы экинчи жолу шахмат боюнча республиканын чемпиону болду

Жакында экс-башкы прокурор, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянова социалдык тармактардагы жеке баракчасына кызы экинчи жолу шахмат боюнча республиканын чемпиону болгондугу тууралуу билдирүүсүн жарыялаган.

«Бизде кубанычтуу окуя, Алика экинчи жолу шахмат боюнча республиканын чемпиону болду», — деп жазат Салянова. - Чемпионатка 400дөй спортчу катышты. Турнирге миңдеген чакырымдан келген чоң ата, чоң апа неберелерин алып келишти. Шахмат ойногон бала жашоонун шахматтагыдай ак менен карадан гана эмес экенин түшүнөт. Жеңишке шык гана эмес, эрк менен жетет, адегенде ойлонуп анан аракет кылыш керек! Стратегиялык ой жүгүртүүсү күчтүү, моралдык сапаттары күчтүү, маданияты жогору адамдар Кыргызстандын келечегин курат. Ал үчүн мамлекет шахматка республикалык деңгээлде көңүл буруп, адамдын аң-сезимин өзгөрткөн ийримдерди колдоп, машыктыруучуларды сыйлап, ата-энеге дем бериш керек!


Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх