Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Майлуу-Сууда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Шаарда жылуулук өчүрүлөт

Майлуу-Сууда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Бир күн мурун сууктан улам шаар калкына таза суу берүү үзгүлтүккө учураган», - деп билдиришти мекемеден. «Тактап айтканда, таза суу сактагычтагы түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөп кеткен. Суунун көлөмү азайып, №1, 3, 4 ТЭЦте суу берилбегендиктен жылуулук берүү токтотулган.

Мэриядагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жарандык коргонуу комиссиясынын жыйыны өттү.

-Суунун көлөмүн калыбына келтирүү үчүн коммуналдык кызматтар жана шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте КамАЗ жана Зил-131 өрт өчүрүүчү унаалардын жардамы менен дарыядан суу сордурулуп, электр станцияларына толтурулду, деп белгилешти. «Ага карабастан шаарга жылуулук берүү токтоп турат. Бүгүн шаардын жарандык коргонуу кызматынын жыйыны өтүп, анда Майлуу-Сууга өзгөчө кырдаал киргизүү чечими кабыл алынды.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх