Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атактуу спортчу Талант Дүйшебаевдин уулдары ойногон Испаниянын гандбол боюнча курама командасы Европада бир катар жеңиштерге жетишти

Мелдеште алар биригип 24 гол киргизишти

Кыргызстандын мекендештери ойногон Испаниянын гандбол боюнча курама командасы дүйнөлүк чемпионатка тандоо оюндарында Европада бир катар жеңиштерге жетишти.

Командада советтик атактуу гандболист, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Талант Дүйшөбаевдин уулдары Алекс менен Даниел ойнойт. Алар чемпионаттын эң мыкты оюнчулары катары таанылды: Алекс 16 гол, Даниел 8 гол киргизди.

Испания курамасы Черногорияны, Иранды жана Чилини жеңип, кийинки тандоо туруна өттү. Эртең Польша менен беттешет.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх