Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын 14 жашка чейинки өспүрүмдөр курама командасы теннис боюнча Азия чемпионатынын тандоо мелдешинде күмүш байгеге ээ болду (фото)

Катышуучулардын бири Давид Могилевский биринчи турнирдин жеңүүчүсү болду

Кыргызстандын 14 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы курама командасы теннис боюнча Азия чемпионатынын тандоо мелдешинде күмүш байгеге ээ болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Маданият министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти.

- Мелдештер Азиядагы эң күчтүү жаш теннисчилердин катышуусунда өттү, - деп белгилешти башкармалыктан. - Биринчи турнирдин жеңүүчүсү Давид Могилевский, үчүнчүсү Камила Арипова болду. Кошумчалай кетсек, жупта Ева Гавшина экөө күмүш медалдын ээси болушкан.

Ведомстводон билдиришкендей, экинчи турнирдин жыйынтыгы менен Ева Гавшина сегизинчи, Камила Арипова бешинчи орунда. Балдар арасында Давид Могилевский үчүнчү, Султан Сатыкеев жетинчи орунду ээледи. Жупта Давид менен Султан экинчи орунда болушту.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх