Комиссия шаардын каттамдарын ачуу, жабуу жана өзгөртүү боюнча объективдүү карап, негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.

Түзүмдүн курамына Патрулдук кызмат башкармалыгынын, Бишкек шаары боюнча автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөлдөө агенттигинин, Бишкек троллейбус башкармалыгынын, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын жана акимчиликтин өкүлдөрү кирди.

Жыйында 5 маселе каралды.

Талкуунун жыйынтыгында төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

«Кызыл-Туу айылы – Ош базары» деген жазуу менен №18-автобустук каттамдын кыймылынын схемасын жарым-жартылай өзгөртүү;

«Дордой Бис» ЖЧКсынын №233, 234-маршруттук кичиавтобустун кыймылынын схемасы кичиавтобустук каттамдардын пландуу чыгууларын көбөйтүү шартында өзгөртүлсүн;

№234 маршруттук кичиавтобустун кыймылы Төкөлдөш кичи районуна чейин (Виноградная көчөсүнө чейин) узартылсын;

№233 маршруттук кичиавтобустун кыймылы Чүй облустук ооруканасына чейин узартылсын.

Урматтуу жарандар! Комиссия жума сайын жума күндөрү саат 14:00дө өткөрүлөт жана Транспорт департаментинин расмий баракчасында көрсөтүлөт: https://www.facebook.com/ugt533646

 

Коомдук транспорт үчүн WhatsApp: 0 (502) 205 202 номерине кайрылсаңыз болот.

Бишкек мэриясы