Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык жаран Доминика аралында комага түшүп калганы айтылууда

Тышкы иштер министрлиги мекендешке жардам көрсөтөрүн билдирди

Кыргызстандык Айдин Айтбаев Доминика аралында комада абалына түшүп калган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жабыркаган адамдын бир тууган агасы Нурлан Айтбаев Тышкы иштер министрлигине жардам сурап кайрылган.

- Министрлик Кыргызстандын АКШдагы элчилигине (Доминика Шериктештиги консулдук округдун курамына кирет) керектүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүүнү тапшырды. Дипломатиялык өкүлчүлүк тиешелүү иштерди жүргүзүүдө, деп белгиледи кызматта.

Маалым болгондой, буга чейин Нурлан Айтбаев журналисттерге агасы 2022-жылдын октябрь айында туристтик лайнерге иштегени кеткенин билдирген. Жакында жакындарына анын Розо шаарындагы ооруканалардын биринде эс-учун жоготкондугу тууралуу кабар түшкөн. Туугандары Айдиндин ден соолугунда эч кандай көйгөй болбогонун айтышууда.

Камила Аляева

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх