Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жер мунапысын алууга кандай документтерди тапшыруу керек?

Арыздарды кабыл алуу уланууда

Бишкеке жер амнистиясына кирген объекттерге арыздарды кабыл алуу иштери улантылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Арызды тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

- арыз ээсинин - жеке жактын өздүгүн  ырастоочу документтеринин көчүрмөсү же юридикалык жактын каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- жер участогуна укук белгилөөчү документтердин көчүрмөсү (бар болсо);
- техникалык паспорттун көчүрмөлөрү;
- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өкүлдөрдүн ишеним каты;
- объектти сатып алуу фактысын ырастоочу документтер (бар болсо) (жерге мунапыс объектисин сатып алууну ырастоочу документтер же тиешелүү дүмүрчөктөр, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдүн дүмүрчөктөрү, жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктөр, ишеним каттар жана башка тиешелүү документтер);
- калктуу конуштардагы жер участокторуна чектеш жерди пайдалануучулардын жазуу жүзүндөгү макулдугу.

Документтерди кайда тапшыруу керек?

Туңгуч кичирайону, 57 дарегинде жайгашкан Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментине күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылсаңыздар болот.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх