Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын футбол боюнча суперкубогун Оштун “Алай” командасы жеңип алды

Беттеш салтка айлангандай жаңы футбол сезонунун башталышында өткөрүлөт

Кечээ, 8-мартта А.Суюмбаев атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын суперкубогун “Алай” футболдук клубу жеңип алды. Суперкубок үчүн беттеш салтка айлангандай жаңы футбол сезонунун башталышында өткөрүлөт.

Мурдагы сезондо өлкөнүн чемпиондугун жана кубогун жеңип алган командалар беттешет. 2022-жылдагы Кыргыз Республикасынын чемпиону жана кубоктун ээси “Абдыш-Ата ФК болгон. Буга байланыштуу суперкубок үчүн беттеште Абдыш-Атанын атаандашы 2022-жылдагы өлкө чемпионатында 2-орунду ээлеген Оштун “Алай” командасы болду.

Оюндун жүрүшүндө беттештеги жалгыз голду борбордук чабуулчу Рыскелди Артыкбаев киргизди.

Сыйлык тапшыруу аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Кыргызстандын Профессионалдык футбол лигасынын аткаруучу директору Канат Асенов катышып, эки команданын активдүү оюнун белгилеп, “Алай” ФКны куттукташты.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх