Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош облусунда 5 жаштагы кыз стөлдөн кулап, колундагы кайчы бетине 6-7 см кирип кеткен

Тилекке жараша, дарыгерлер кыздын өмүрүн сактап кала алышкан

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы на 9-март күнү Кара-Суу районунун тургундары А.К. аттуу 5 жаш кызын алып келишип, ал чукул түрдө кулак- тамак мурун бөлүмүнө жаткырылып, операциялык жардам көрсөтүлгөн

Ак халатчандардын айтымында кичинекей кыз үйүндө столдун үстүнөн жыгылып түшкөн, ошол учурда колунда кайчы болгон. Кайчы оң жак жүзүнө 6-7 см сайылып калган. Оң жак гайморит көңдөйчөсүн тешип өтүп, көз асты аркылуу баш сөөктүн негизинде жайгашкан көңдөйчөнүн сөөгүнө сайылып токтогон.

Баланын бактысына ошол жерде жайгашкан чоң артерияларга тийген эмес, андай учурда баланын өмүрүнө кескин түрдө залал тийип калмак.

Азыркы учурда бейтаптын абалы жакшы, ооруканадан үйгө чыгууга даярдык көрүлүүдө.

Мындай татаал операцияны кулак-тамак мурун бөлүмүнүн бөлүм башчысы Пазылов Умутбек Дурусбекович жасаган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх