Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

Себебин түшүндүрөбүз

Эртең, 17-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери менен мектеп окуучуларынын катышуусунда жөө жүрүш өтөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жөө жүрүш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында айдоочуларды жол эрежелерине көңүл бурдуруу максатында өткөрүлөт.

-Буга байланыштуу саат 10:00дөн 12:00гө чейин Сүйөркулов көчөсүнөн чыгышты карай Малдыбаевдан тартып, Байтик баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү, анан Байтик баатыр көчөсүнүн бир тилкеси менен түштүктү карай Сүйөркулов көчөсүнөн тартып, А.Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат, — деп берилет маалыматта.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх