Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды

Аталган тилкеде канализациялык коллекторлорду төшөө жүргүлө

Бишкектин Лев Толстой көчөсүнүн Некрасов көчөсү менен кесилишкен бөлүгү убактылуу жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Лев Толстой көчөсүнүн аталган бөлүгүндө канализациялык коллекторлорду төшөө жүргүлөт. Ишти 28-мартта бүткөрүү пландалууда.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочуларды каттамды алдын ала пландап алууларын өтүнөт.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх