Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте башаламан таштандыларды таштагандар үчүн айып пул салына баштады

2 күндүн ичинде үч район боюнча 6 тартип бузуучу аныкталып, 45 миң сом айып пул салынды

Көрктөндүрүүнү көзөмөлү боюнча инспекциясы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте башаламан таштандыларды таштоо фактыларын аныктоо боюнча түнкү рейддерди улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2 күндүн ичинде үч район боюнча 6 тартип бузуучу аныкталып, 45 миң сом айып пул салынган.

Ишкананын чыныгы көйгөйү өнөр жай таштандыларын акы төлөбөстөн, тымызын, көбүнчө түн ичинде таштанды челектерине таштоо болгон. Тигүү цехтеринин, мал союучу цехтердин калдыктарын, курулуш таштандыларын ыргытып жатышат. Бул көбүнчө жабдуулардын бузулушуна жана жүктөгүчтөрдүн ишинин көбөйүшүнө алып келет. Анткени, мындай таштандыларды жүктөө 3 эсе көп убакытты талап кылат.

 - Урматтуу шаардыктар! Кыймылсыз объекттерди курууну жана оңдоону ишке ашырган жеке жана юридикалык жактар ​​иш башталганга чейин "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен курулуш таштандыларын чыгаруу келишимин түзүп, аны чыгаруу келишимине ылайык таштандыларды чыгаруу боюнча адистештирилген компания менен же өз алдынча ишке ашырууга тийиш экендигин эскертебиз, - деп кайрылышты «Тазалыкчылар».

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх