Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин Ленская көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабылды

Учурда аталган көчөнүн чыгыш тарабына асфальт төшөө үчүн даярдыктар көрүлүүдө

Бишкек шаарынын Ленская көчөсүндө оңдоо иштери башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Ленская көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки бөлүгүн реконструкциялоо иштери жүрүп, ирригациялык тармактарды тартуу жана тротуарды капиталдык оңдоо иштери каралууда.

"Учурда аталган көчөнүн чыгыш тарабына асфальт төшөө үчүн даярдыктар көрүлүүдө. Жолдун батыш тарабы унаалар үчүн ачык", - деп айтылат маалыматта.

Унаалардын агымынын көптүгүнө байланыштуу тыгындын пайда болушуна жол бербөө максатында жол кыймылын жарым-жартылай жабуу менен иш жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх