Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынан Баткенге үзгүлтүксүз аба каттамдар жанданат

Ата мекендик "Тез Жет" авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү аткарат

Үстүбүздөгү жылдын 18-майынан тартып Бишкек – Баткен – Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданууда. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ата мекендик "Тез Жет" авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү аткарат.

Белгилей кетсек, "Баткен" аэропорту үстүбүздөгү жылдын 1- апрелинен тартып аэродромду оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх